Get Mystery Box with random crypto!

Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

Telegram каналынын логотиби onuktur — Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот Ж
Telegram каналынын логотиби onuktur — Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот
Канал дареги: @onuktur
Категориялар: Фактылар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 2.85K
Каналдан сүрөттөмө

💡 Инсандык өнүгүү
🖊 Максаттарга жетүү
📙 Акылды машыктыруу
🧭 Ар тараптан өсүү
📕 Китепке кызыгуу
🏆 Ийгиликтүү болуу
ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР! 🚀
Логикалык каналыбыз https://t.me/logikalyksuroo
Кызматташуу
@Burulaiw

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар

2022-08-30 09:38:22 ​​Ассаляму алейкум көптөн бери пост киргизе элекмин .Бүгүн бир темада жазгым келди .....

Биз дайыма угуп көрүп жүргөн өзүбүздө бар нерселерди баалабай, башка бирөөдөн башка жактан ошол эле нерсени кичине бир жери башкача болсо укмуш көрөт экенбиз.
Жадакалса жаңы терминдерди кошуп жаңылык(ачылыш) киргизип койсо ваааау бул бул техника иштейт экен деп таңыркап да калат экенбиз.

Кайсыл терминдер же техникалар дейсизби?

Аффирмация - бул эмне экенин көпчүлүгүңүздөр билесиздер .

Аффирмация (латын тилиндеги affirmatio – “бекемдөө”, “ырастоо” сөзүнөн) – сиз өзүӊүз түзүп алган бекемдөөчү айтым. Ал айтымды бир нече жолу кайталагандан кийин талап кылынган образ адамдын көмүскө туюмунда сакталып, жашоосунун оӊ жакка өзгөрүшүнө түрткү болот.

Бул Аффирмация деген термин бизде бар .Бул НИЕТ
Жакшы ниет жарым ырыс .
Ниетиңе жараша.
Ниетиңди түз кыл.
Ниетиңди оңдо деген сөздөр бар .
Жакшы ниет жашоодо канчалык маанилүү экенин билебиз.

Аффирмация деп атайын жазылган даяр сөздөрдү окуштун кереги жок .  
Жан дилибизден чыккан ниет болушу керек

МЕДИТАЦИЯ-деген эмне? Бул руханий тарбия, анын жардамы менен айрым фундаменталдуу жеке сапаттар иштелип чыгат. Медитация толугу менен, жашоонун өзүнө кызыкчылык берүү менен, жетишүүгө мүмкүн болгон ар тараптуу мааниде аныкталат. Анын негизги максаты, психологиялык жактан алганда, биздин оюбузда катылган нерселерди ачыкка чыгаруу. 
 
А медитация бул бизде ДУА.
Аябай берилип ишеним менен Гипномедитация кылса иштейт экен дейт .

Ишеним менен дуа кылсак иштебейби эмне? 
Дуа -бул мусулмандардын куралы деген сөз бар . 
Сиздин чоң -эне , тай-энелериңиз медитация жасаганбы ?
Алар ар дайым дуа кылышкан .

Хоопонопоно - бул мен өкүнөм ,мен өтүнөм ,мени кечир ж.б сөздөр менен айтылган медитация, бул ТООБО КЫЛУУ . 
Тообо кылуу менен Аллахтан кечирим сурайбыз ,жүрөктөрдү тазартабыз .

Мунун баары Ислам дининде бар нерселер. Угуп көрүп жүрөбүз анан эле алаканыбызды жайып дуа кылбастан, эврейлерди туурап буттарыбызды кайчылаштырып ,колубузду бутубуздун үстүнө коюп медитация жасаган туурабы .Же булар такыр башка дейсизби?

Жөн эле менин оюм.....
Ката кемчилиги болсо түшүнөсүздөр
534 viewsTelepostBot, 06:38
Ачык / Комментарий
2022-07-07 10:13:55
7.3K viewsБурулай, 07:13
Ачык / Комментарий
2022-07-06 13:00:26
Баарибир аялдарынын айткандарын кылат да э мынаны кий дегенде кийип
5.7K viewsБурулай, 10:00
Ачык / Комментарий
2022-06-29 04:57:49 Эмне үчүн казино келечекте ар бирибиз үчүн олуттуу маселеге айланышы мүмкүн?

1. Мамлекеттин байлыгы анын кен-байлыктары эмес, адамдык ресурсу деп дайыма айтып келебиз. Ыймандуу, билимдүү, ар-кимдин оюн ээрчип кете бербей өз алдынча анализ кылып, туура тыянак чыгара алган, бүгүнкү кылган иш эртең кандай жыйынтык берээрин ойлонуп, арканды алысыраак таштай ала турган, дүйнө таанымы терең, ойлогон ою кенен, материалдык эмес руханий байлыкка көбүрөөк кызыккан, ар дайым изденүүнүн, өзүн өнүктүрүүнүн аракетин көргөн эли бар өлкө өтө тез убакта өнүгүп кетүүсү эч кимди шектендирбейт. Элибиздин руханий саламаттыгын, интеллектуалдык даражасын, ар тараптуу билимин көтөрүп, бийик даражага жеткирүү үчүн саякаттоо, дүйнө кезүү, илим алуу, тажрыйба топтоо … деген сыяктуу процедуралардан өткөрүү кажет. Жана ошол эле убакта ар кыл багыттагы илимдүү, билимдүү, адискөй адамдарды мекенибизге чакырып алардын билимин, тажрыйбасын алып калуубуз зарыл.

Бирок, эгерде 99 зыяны, 1 гана пайдасы бар казинону тейлөө менен алектенсек мекенибизге кумарды сүйгөн, психологиялык жактан туруксуз, көкүрөгүндө оорусу бар адамдарды гана чогултабыз жана алардан кумарды кандай туура ойношту, жеңил акчага кантип жетишти, уткан соң кандай майрамдашты гана үйрөнөбүз.

Башка өлкөлөр мындай адамдардан арыла албай жүрүшсө биз тескерисинче, мейман кылып чакырганыбыз кандай гана акылсыдык.

2. Бийлик башындагылар казинонун баардык зыянын билип турса дагы «бюджетке акча керек» деген шылтоону карманып келишти. Эгерде коомчулук убагында реакция кылып, бийликти эл менен эсептешүүгө үйрөтпөсө, келечекте мындан дагы балит иштерге жол ачылышы мүмкүн. «Бюджетке акча керек, Ысык-Көлгө гейлер үчүн пансионат куралык, акчасын батыш берет. Ал жерге биздин жарандар кирбейт», «Бюджетке акча керек, элди багыш керек, деген сыяктуу долбоорлор башталбайт деп ким кепилдик берет.

Эптеп эле акча табыш максатын көздөө болсо «өзүңдү» сатсаң деле, элиңди, жериңди сатсаң деле акча табыла берет. Бирок, акча үчүн гана ошого баруу керекпи?

3. «Биздин жарандар кирбейт» деп канчалык актанганыбыз менен, акыры келип көкүрөгү оорулуу жарандарыбыз көбөйө баштайт. Себеби, кумардын жайылышын бекем дубалдар тосо албайт. Ал эми, бизге, тескерисинче, көөдөнү ыйманга, билимге, мыкты сапаттарга толгон жарандар өтө зарыл.

4. «Ысык-Көл – кыргыз бермети» деген ассоциация жоголуп, Лас-Вегас сыяктуу Ысык-Көл дегенде «кумаркана, жеңил акча, казино» деген ассоциация жаралышы мүмкүн.

5. Арам ачык болгон жерде, Жараткандын каары түшүп турат. Өткөн кышта эле баарыбыз Токтогулдун суусун санап араң чыктык эле. Кудай сактасын, эгерде чыныгы сыноо келе турган болсо казинодон түшкөн акчадан 10 эселеп чыгаша болуп жүрбөйлү.


Эптеп эле акча табууну көздөгөн депутаттар, бийлик башындагылар акчадан башканы ойлобой, кыргыз элинин келечегине кыжаалат болбой, келечекте казино жалаң гана зыян берээрин айтууга же акылы жетпей, же эрки жетпей, же духу жетпей, же баары тең жетпей турган учуру.

Түркия жана түрк тилдүү кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүп, калктын калың катмарына арзаныраак саякаттоо жолун караштырып көздөрүн, көөдөнүн ачуунун, китеп окутуп, өзүн өнүктүрүүгө кызыктыруу иштерин кылуунун, кыргыз жеринде отуруп алып дүйнөгө иштөө үчүн IT жана башка тармактагы чет элдик илимдүү жаштарды тартып, аларга мыйзам жактан, мүмкүнчүлүк жактан жакшы шарттарды түзүп берүүнүн ордуна, «пулуң берсең кулуңмун» деп төрүбүзгө руханий оорулуу, «кедей», кыргыз элине зыяны тийе турган адамдарды чакырып жатышат.

Мындай депутаттардын, бийлик башындагылардын зыяны казинонун зыянынан дагы көп болот.
7.1K viewsБурулай, 01:57
Ачык / Комментарий
2022-06-29 04:57:03
4.3K viewsБурулай, 01:57
Ачык / Комментарий
2022-06-21 17:05:06  “Ойлоруңа көңүл бур; алар сөз болуп калат. Сөзүңүзгө көңүл буруңуз; алар иш-аракеттерге айланат. Аракеттериңизге көз салыңыз; алар адат болуп калышат. Адаттарыңызга көз салыңыз; алар мүнөзгө айланат. Каарманыңызды байкаңыз; бул сенин тагдырың болот ”деп айткан. - Лао-Цзе
6.2K viewsБурулай, 14:05
Ачык / Комментарий
2022-06-19 08:06:29 Кичинекей кезимде ушул сөздү угуп алып ойлочумун:"Айдын он беши жарык ,он беши караңгы болсо ,анда азыр мен кайсысында жашап жатам?"- деп.
Ата -энем бар ,курсагым ток ,каалаган нерсемди алып беришет .Анда кийинки жашоом татаал(караңгы) болобу деген ой да келген .

Бирок азыр деле жакшы жашоодо жашап жатам Аллага шүгүр. Жашоо таптакыр андай эмес экен .
Биз бүгүн жакшы жашап ,эртең жаман (начар) жашабайбыз. Же жашообуздун жарымы бактылуу, жарымы бактысыз эмес. Же болбосо бул дүйнөдө бактысыз ,акыретте бактылуу эмес экен.

Биз жашообузда кандай максат коюп, кандай ой ойлосок, ошого карап аракет кылып өзүбүздү даярдасак(настрой), анда биздин жашообуз ниетибизге жараша ошол нукта кете берет экен .

Ал эми бул сөздү адам кыйналган күнүндө жакшы күндөрдү үмүт кылып айтат экен .

Бирок,
"Айдын он беши жарык ,он беши караңгы "- деген түшүнүктү таптакыр чийип салып ,
"Ар бир жамандыктын артында чоң бир жакшылык бар "- деген түшүнүк менен ушул сөздү айтканыбыз туура болот экен.

Каналга катталыңыз
@onuktur


Кошумчалай турган сөзүңүз болсо, же дагы оюуңуз болсо комментарийге жазсаңыз болот .....
7.1K viewsБурулай, edited  05:06
Ачык / Комментарий
2022-06-19 08:06:14
5.0K viewsБурулай, 05:06
Ачык / Комментарий
2022-05-29 15:31:54 Келечек ээлерине берип билим,
Эмгектен көрсөк дешип элдин сыйын.
Ачкычын бул турмуштун ачып берээр,
Негизи, мугалимдердин кесиби татаал, куну кыйын.

 

Терметип билимине алтын бешик,
Келгин деп канчаларга ачып эшик.
Үйрөтөөр бул дүйнөнүн көп сырларын,
Ушундай бийик татаал мугалимдик кесип.
7.2K viewsБурулай, edited  12:31
Ачык / Комментарий
2022-05-26 06:16:12
Бир миллиардер озундо коп жыл иштеген секретаршасын пенсияга кетирип жатып айтат: "Сиз менде коп жыл эмгектендиниз, ак эмгегиниз менен кызмат кылдыныз. Эми сизге эч нерседен кем болбой жашашыныз учун 2 000 000 $ берейин" дейт.
Чочуп кеткен аял :"жок, мага кереги жок мен ансыз деле озумо пенсияма бир нече миллион доллар топтоп алдым" дейт♡

Миллиардер тан калып :"Кантип? Сиздин маяна менен кантип чогулта алдыныз" деп суроо берет♡

Ошондо айтат :" мен сиз менен коп чогулуштарга катыштым, коп нерселерди уктум. Сиз бош жерлерди, же баалуу кагаздарды, акцияларды сатып алып атканда, мен дагы аз олчомдо сатып алып койчумун. Сиздин иштеринизди мен дагы дал озундой кайталап аттым. Ушундай ыкма менен сиз миллиондорду таап атканда мен бир нече миндерди таап аттым, анан сиз миллиардер болдунуз, а мен миллионер болдум" дейт. Миллиардер ото ыраазы болот экен♡
8.5K viewsБурулай, 03:16
Ачык / Комментарий